Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

«Руханий казынаны сактаган инсандар»

«Руханий казынаны сактаган инсандар»
02 Ноя 2026

2026-жылдын 2-ноябрында Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы Маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата «Руханий казынаны сактаган инсандар» аталыштагы маданий иш-чара уюштурду.

Улуттук китепкананын директору Элдар Аттокуров маданият кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

“Маданият — бул улуттун күзгүсү гана эмес, коомдун өнүгүү багытын аныктаган негизги стратегиялык баалуулук. Сиздердин жаратмандык идеяңыздар, руханий изденүүлөрүңүздөр жана талыкпас эмгегиңиздер китепкананын гана эмес, республиканын маданий потенциалын жогорулатууга зор өбөлгө түзүп келүүдө. Улуттун жүзүн, руханий дүйнөсүн түптөп, тарых менен келечекти байланыштырган жана улуттук мурастарыбызды сактоодо сиздердин эмгегиңиздер баа жеткис. Руханий өсүшкө кошкон салымыңыздар зор” деп ыраазычылык билдирип, сыйлыктарды тапшырды.

 

 

 

Директор кеңешчиси Мукталы Бектеналиев жана юрист Бекибай Мамытов да куттуктоо сөздөрүндө маданият кызматкерлери улуттук рухту, искусствону жандуу сактап келатышканын, баалуулуктарды жаратууда, сактоодо эмгектери жогорку баага жана укуктук коргоого татыктуу экендигин баса белгилешти.

Легендарлуу обончу, ырчы, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Анарбек Сардарбеков да куттук сөзүн айтып, ырдап, акындар Шаапы Сыдыков менен Күлсүнбүбү Соорбекова “көркөм ыр айтышын” куруп залды шаңга бөлөдү.

Ал ортодо акыл сынак оюну уюштурулуп, катышуучулар логика, тапкычтык жана тез ойлонуу жөндөмдү көрсөтүп, шарикке салынган суроолорго жооп берип, атайын белектерге дээрлик бардыгы татыктуу болушту.

Китепкана кызматкерлерин атайы куттуктап келген конок ырчы, обончу, маданияттын мыкты кызматкери Нурбек Болотбеков атасынын (белгилүү обончу, ырчы, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Болот Токтобаевдин) ырларынан созуп берди.

Белгилей кетсек, Улуттук китепканын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин жана Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Ардак грамоталары менен сыйланышты.  

Урматтуу кесиптештер, сыйлыгыңыздар кут болсун! Бул сыйлыктар сиздердин алдыдагы дагы чоң бийиктиктердин башаты болсун. Сиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт каалайбыз. Мындан да чоң ички жана эл аралык сыйлыктарга жетишиңиздерге тилектешпиз! Майрамыңыздар кут болсун!