Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Сүйүнбай ЭРАЛИЕВ: “Эл ичинде жүргөнүң — деңизде сүзгөнүң. Элден чыгып калганың — кургакта калганың”

Сүйүнбай ЭРАЛИЕВ: “Эл ичинде жүргөнүң — деңизде сүзгөнүң. Элден чыгып калганың — кургакта калганың”
14 Окт 2026

2026-жылдын 14-октябрында Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Кыргыз китеби бөлүмүндө Кыргыз эл акыны, Кыргыз Эл Баатыры, Улуу Ата мекендик согуштун катышуучусу Сүйүнбай Эралиевдин ( 1921-2016) 105 жылдыгына арналган “Поэзиянын падышасы — Сүйүнбай Эралиев” аталышында китеп көргөзмөсү уюштурулду.

Аталган көргөзмөгө алп акындын ыр жыйнактары, чыгармалары, котормолору жана адабий-илимий эмгектери жайгаштырылды.

 

Дүйнөлүк жана орус адабиятынын эң татаал, философиялык шедеврлерин кыргыз тилине жогорку деңгээлде сүйлөткөн, кыргыз поэзиясынын тил байлыгын жана формаларын байытууда чоң роль ойногон кыргыз поэзиясынын классигинин китеп көргөзмөсүнө бардык окурмандарды чакырабыз!