Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Садыр ЖАПАРОВ: “Ала-Тоонун” арышы арыбасын, сапары карыбасын!”

Садыр ЖАПАРОВ: “Ала-Тоонун” арышы арыбасын, сапары карыбасын!”
22 Май 2026


2026-жылдын 22-майында Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нургожоевичтин колдоосу менен «Кыргыз Туусу» басма үйүнүн басылмаларынын курамына киргизилип, жаңыланган форматта жарык көрө баштаган «Ала-Тоо» адабий-көркөм журналынын бет ачар аземи болуп өттү.


Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясатынын министри Мирбек Мамбеталиев, Улуттук Жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев, Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкананын директору Элдар Аттокуров жана белгилүү акын, жазуучулар, окумуштуулар катышты.


Улуттук китепкананын Массалык маалымат жана маданий программалар бөлүмү “Ала-Тоо” журналынын 95 жылдык тарыхын чагылдырган китеп көргөзмөсүн жана алгачкысынан азыркыга чейинки баш редакторлорунун (Аалы Токомбаев (1931-1935-ж.ж), Молдогазы Токобаев (1935-1936-ж.ж), Аалы Токомбаев (1936-1938-ж.ж), Темиркул Үмөталиев (1939-1940-ж.ж), Касымалы Баялинов (1940-1941-ж.ж), Жоомарт Бөкөнбаев (1941-1944-ж.ж), Кубанычбек Маликов (1946-1949-ж.ж), Темиркул Үмөталиев (1949-1953-ж.ж), Смар Шимеев (1956-1957-ж.ж), Сооронбай Жусуев (1957-1959-ж.ж),Касым Каимов (1959-1963-ж.ж), Токтоболот Абдымомунов (1963-1966-ж.ж.), Төлөгөн Касымбеков (1966-1973-ж.ж), Муса Жангазиев (1973-1975-ж.ж), Шатман Садыбакасов (1975-1983), Кымбатбек Укаев (1983-1986-ж.ж), Кеңеш Жусупов (1986-1992-ж.ж), Тилек Мураталиев (2011-2014-ж.ж), Кеңеш Жусупов (2014-2019-ж.ж), Самсак Станалиев (2020-2021-ж.ж), Маркабай Ааматов (2021-жылдан бери редактор) сүрөт көргөзмөсүн уюштурду.


Кызыл лента кесилгенден кийин келген коноктор латын арибинде алгачкы жолу 1931-жылы «Чабуул» аталышта жарык көргөн журналдан баштап 2022-жылга чейинки “Ала-Тоо” журналы жана 19 башкы редактордун сүрөттөрү менен таанышып, кыргыз адабиятынын калыптанып өнүгүшүнө зор салым кошкон журналга кыргыз жазуучуларынын мыкты чыгармалары жарыяланып турганын баса белгилешип, эми мындан ары, президент Садыр Жапаров айткандай, “Ала-Тоонун” арышы арыбасын, сапары карыбасын!” деп ак баталарын беришти.