Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Салттуу музыкага арналган илимий-практикалык конференция болуп өттү

Салттуу музыкага арналган илимий-практикалык конференция болуп өттү
28 Апр 2026

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясында салттуу музыка күнүнө карата «Фольклор жана оозеки салттагы музыкалык профессионалдык искусство: жандуу мурас, «устат-шакирт» өнөрканасы» аталыштагы эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Аталган конференцияга А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Маданият жана искусство бөлүмүнүн жетекчиси Нуркан Токтакунова катышып, “Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканадагы улуттук музыкалык мурастарды архивдештирүү” аталыштагы баяндама жасады.
Салттуу музыкалык искусствону изилдөө, илимий-академиялык аянтча түзүү, салттуу музыкалык мурастарды системалуу изилдөө аркылуу окумуштууларды илимий ишмердүүлүккө тартуу, келечектеги этномузыка таануучуларды даярдоого өбөлгө түзүү максатта уюшулган конференциядагы маданий мекемелердин жетекчилери, илимпоз- окумуштуулар кыргыз фольклорун сактоо, устат-шакирт салтын өнүктүрүү маселелерин талкуулашып, резолюция кабыл алышты.