
2026-жылдын 9-июнунда Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын китеп фонду “Кашка ат, Карагер жорго” чыгармалар жыйнагы менен толукталды.
“Эмгектеги каармандыгы үчүн” медалынын, “Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу” орденинин жана Өкмөттүн бир нече сыйлыктарынын ээси, СССР Жазуучулар жана Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү Сардарбек Рыскуловдун (1920-1997) 100 жылдыгына карата агасынын чыгармалар жыйнагын даярдап, түзгөн китебин белек кылган Айгүл Сардарбековага терең ыраазычылык билдиребиз!