Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

“Сары-Өзөн энциклопедиясы” китебинин таанытымы болуп өттү

“Сары-Өзөн энциклопедиясы” китебинин таанытымы болуп өттү
08 Окт 2026

2026-жылдын 8-октябрында Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында жазуучу, акын Афина Абдылдаеванын “Сары-Өзөн энциклопедиясы” аттуу китебинин таанытымы болуп өттү.

Алгач автордун өмүр баяны айтылып, баскан жолу, чыгармачылыгы жана жасаган эмгектери боюнча даректүү тасма көрсөтүлдү. Обондуу ырлары жаңырды.

Салтанаттуу иш-чарага мамлекеттик жана саясий ишмерлер  Медеткан Шеримкулов, Феликс Кулов, Болот Жанузаков, Абдыкул Чотбаев, Кыргыз эл акындары Карбалас Бакиров, Акбар Рыскулов жана белгилүү акын, жазуучулар катышып, Афина Абдылдаева узак жылдар бою билим берүү жаатында иштеген мыкты педагог болгонун, ошол эле учурда чыгармачылык менен да алектенип, кыргыз адабиятына олуттуу салым кошкон калемгерлердин бири экендигин баса белгилешти. Ошондой эле кыргыз, орус тилдеринде тең эркин жаза билген жазуучу, бир топ дүйнөлүк акын, жазуучулардын чыгармаларын которгон котормочу жана нарк-насил, аруулукту, тагдырларды чагылдырган чыгармалары менен белгилүү калемгер экендигин айтышып, авторго каалоо-тилектерин билдиришти.

Аягында автор “Сары-Өзөн энциклопедиясынын” жаралыш тарыхы боюнча учкай айтып берип, келген конокторго ыраазычылык билдирди.

Афина Абдылдаева Чүй облусунун 100 жылдыгына арнаган жана Чүй өрөөнүнүн тарыхын, атактуу инсандарын, маданиятын камтыган «Сары-Өзөн энциклопедиясы» китебин Улуттук китепканага тапшырды.