
2026-жылдын 1-июнунда Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын китеп фонду “Көөнөрбөс нук” жана “Кыйырсыз кылымдардын өмүрүбүз…” китеби менен толукталды.
Белгилүү журналист, публицист, котормочу, акын Алым Токтомушевдин жубайы, ХХ кылымдын 70-жылдарындагы кыргыз «кыздар поэзиясын» жаңы бийиктикке көтөрүп, адабиятта чоң из калтырып кеткен, обон созуп, комуз, мандолинада кол ойното билген белгилүү акын Шербет Келдибекованын (1949-2013) чыгармаларынын толук жыйнагын белек кылган маркумдун бир тууган иниси Замирбек Келдибековго терең ыраазычылык билдиребиз!