
2026-жылдын 11-мартында А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Массалык маалымат жана маданий программалар бөлүмү ХIХ кылымдагы тарыхый инсан — Курманжан Маматбай кызынын (1811–1907) 215 жылдыгына арналган “Таажысыз тарыхта калган – Курманжан датка” аталыштагы китеп көргөзмөсүн уюштурду.
Көргөзмөгө “Алай ханышасына” арналган ырлар, китептер, гезит-журналдардагы макалалар, эскерүүлөр жайгаштырылды.
Алайды башкарып, Бухара эмиратынан жана Кокон хандыгынан «датка» наамын алып, орус империясынын полковниги болгон Курманжан датка 21 жашында Алымбек даткага турмушка чыккан. «Күчтүү эркектин артында күчтүү аял турат» деген принцип менен өмүрлүк жарынын кеңешчиси, мамлекеттик ишмер болгон датка жолдошу менен 29 жыл бирге өмүр сүрүп, алты уулдуу (Абдылдабек, Оморбек, Мамытбек, Асанбек, Баатырбек, Камчыбек) болгон.
Курманжан даткага Россиянын Алай экспедициясы 1906-жылы жолуккан. Алардын курамында саякатчы, кийин Финляндиянын президенти болгон Карл Маннергейм да болгон. Ал датканы уулу Асанбек менен сүрөткө тартып алган. Андагы атка минип түшкөн Курманжан датканын сүрөтү биз үчүн жалгыз таберик буюм катары көздүн карегиндей сакталып келет.
“Алай ханышасы” 1907-жылдын 1-февралында көз жумган. Сөөгү Оштун Сармазына коюлган. Эстелиги Гүлчө, Ош жана Бишкек шаарларында орнотулган. Оштогу эң чоң көчөгө, Бишкек шаарындагы ири көчөлөрдүн бирине ысымы берилген. Кыргыз акчасынын 50 сомдук банкнотуна сүрөтү түшүрүлгөн. «Курманжан Датка» ордени негизделген.