Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

«Тамаша куруп Эл-журтка — Тарыхта калган Сармерден”

«Тамаша куруп Эл-журтка — Тарыхта калган Сармерден”
21 Мар 2026

Нооруз — жаздын, тазаруунун, өзгөрүүнүн, жаӊы күндүн майрамы. Бул күнү ар бир үйдө, ар бир аймакта ак дасторкон жайылып, сүмөлөк кайнатылат. Ыр-күлкү, кыргыз ырлары жаңырып, жергебиз майрам шаңга бөлөнөт.

А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын эмгек жамааты да Нооруз майрамына арналган  Кылымга аты дал келгенКызыктуу оюн Сармерденаталышта салтуу иш-чара өткөрүштү.

Умай эне аластап, Бакай ата үрөн (ырыс кешик) чачып, ак батасын берди.

Кыргыздын нарк-насилин, каада-салт, үрп-адатын, улуттук оюндарыбызды даңазалоо, эне тилибизди сактоо максатта уюшулган “Сармерденге” Улуттук китепкананын таланттуу кызматкерлери катышып, саламдашып, макал-лакап, жаңылтмач айтып, табышмак катып, өздөрү жазган ырлардан көркөм окуп, кыргыздын обондуу ырларынан созушту.

Катышуучулар өздөрүнүн артисттик чеберчилигин көрсөтүп, элдик ырларды ырдап, күү чертип, кыяк тартып обон созушканы, тамаша куруп бергендери үчүн жетекчилик тараптан белектер менен сыйланышты.

Урматтуу кыргыз элим, Нооруз майрамыңыздар кут болсун!