Бүгүн Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын китеп текчеси Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун, Кыргыз Республикасынын театр ишмерлери союзунун мүчөсү, маданияттын мыкты кызматкери, акын, актриса, тамсилчи, обончу, аткаруучу Наззара Раззакованын китептери менен толукталды.
Тамсилчи Наззара Раззакова учурда 70тин тегерегиндеги тамсилин чогултуп, жакында «70 тамсил» аттуу жаңы китеби жарык көрөрүн айтып, азырынча 42 тамсилди камтыган жыйнагын китепканага тапшырды.
Ошону менен катар эле өзүнүн окуучулары менен бирге даярдап келген тамсилдерин китепкананын жамаатына тааныштырып, көркөм аткаруу менен угуучулардын жарпын жазышты.
Көркөм окуган «Роза менен чырмоок», «Саякатчы бака 2», «Бит», «Үндүк эже, «Мас түлкү» сыяктуу тамсилдери коомдогу ар кандай кыялдагы адамдардын жүзүн ачып берет.
Тамсилчи айым өз сөзүндө: «Мен дагы бир кезде ушул китепканага келип, улуу классиктердин тамсилдерин издеп, таап окучумун. Эми менин дагы тамсилдерим элге, жаштарга жетсин», — деген пикирин билдирди.