Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

ТАРЫХ: Китепкана кечээ жана бүгүн…

ТАРЫХ: Китепкана кечээ жана бүгүн…
29 Май 2026

Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Редакция-басма иштери бөлүмү «Китепкана түнү – 2026» коомдук-маданий иш-чарага арналган  “Китепкана кечээ жана бүгүн” аталыштагы сүрөт көргөзмөсүн уюштурду.

Азыркы Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы өлкөнүн башкы китепканасы деп эсептелет.

*1934-жылдын 10-майында Кыргыз облустук партия комитетинин бюросу, ал эми 28-майында Кыргыз АССР Эл Комиссарлар Кеңеши (Совнарком) республикалык китепкана түзүү тууралуу расмий токтом чыгарган.

Жаңы мекеме Фрунзе борбордук шаардык китепканасы менен Эл Комиссарлар Кеңешине караштуу Мамлекеттик илимий (пландоо) китепканасын бириктирүү жолу менен түзүлгөн.

Китепкана окурмандар үчүн 1934-жылдын август айында эшигин ачкан. Жумуш башталган учурда китепканада болгону 16 миң нуска китеп болгон.

Башында китепкана болгону эки бөлүмдөн: коомдук (шаар тургундарын тейлөө үчүн) жана илимий бөлүмдөрдөн турган.

Алгачкы штаттык бирдикте болгону 13 кызматкер эмгектенген.

Китепкананын фондун байытууга СССРдин ири маданий борборлору чоң салым кошкон. Н. К. Крупскаянын демилгеси жана чакырыгы менен СССР Илимдер академиясынын китепканасынан, Ленин атындагы Мамлекеттик китепканадан жана Ленинграддагы Салтыков-Щедрин атындагы китепканадан Фрунзеге баалуу адабияттар жөнөтүлүп турган.

*1939-жылы китепканага Н. Г. Чернышевскийдин ысмы берилген.

*Китепкананын азыркы өзгөчө архитектордук стилдеги чоң имараты 1984-жылы Кыргыз ССРинин 60 жылдык мааракесине карата пайдаланууга берилген. Жаңы имаратка киргенде ал Кыргыз ССРинин В. И. Ленин атындагы мамлекеттик китепканасы деп өзгөртүлгөн.

*Эгемендүүлүктү алгандан кийин, 1993-жылы Улуттук китепкана статусуна ээ болгон.

*2015-жылы китепканага кыргыздын залкар акыны Алыкул Осмоновдун ысмы ыйгарылган.

*Бүгүн бул жерде 6, 5 миллиондон ашык ата мекендик жана чет тилдеги китептер, кол жазмалар жана сейрек кездешүүчү басылмалар сакталат. Китепканада санариптештирүү иштери жүрүп жатат, электрондук каталог жана Улуттук электрондук китепкана (УЭК) системасы түзүлгөн.

Сүрөттөр менен сүйлөтүлгөн көргөзмөгө баарыңыздарды чакырабыз!

Белгилей кетсек, 2026-жылдын 28-майында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен Улуттук китепканасы «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу Жарлыгын ишке ашыруу алкагында, Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 35 жылдыгына карата “Эгемендик – ыйык мурас, Уңгужол – келечекке багыт» аталыштагы “Китепкана түнү – 2026”  коомдук-маданий иш-чара өткөрдү.