Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги мамлекеттик жана муниципалдык органдарды, коомдук уюмдарды, жаштарды жана жалпы жарандарды ишембиликке активдүү катышуу күнүн белгилеген.
2026-жылдын 19-сентябрында Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын эмгек жамааты жалпы республикалык ишембиликке чыгып, маданий мекеменин айлана тегерегин тазалашты.
“Ишембиликке катышуу менен ар бирибиз өзүбүз жашаган аймактын тазалыгына жана көрктөндүрүлүшүнө салым кошуп, жаратылышка аяр мамиле кылуунун үлгүсүн көрсөтө алабыз. Тазалык — бир күндүк иш эмес. Ал күнүмдүк маданият жана жалпы жоопкерчилик” экенин белгилей кетсек.

