Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Турар Кожомбердиев: Ыр дүйнөсүнүн чебери

Турар Кожомбердиев: Ыр дүйнөсүнүн чебери
22 Июн 2026

2026-жылдын 18-июнунда Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын «Кыргыз китеби» бөлүмүндө көрүнүктүү кыргыз акыны Турар Кожомбердиевдин (1941–1989) 85 жылдыгына арналган «Махабат мага кымбатсың» аттуу китеп көргөзмө уюштурулду.
Турар Кожомбердиев – кыргыз поэзиясында сүйүүнүн, адамдык асыл сезимдердин жана мекенге болгон аруу мамиленин ырчысы катары өзгөчө орунду ээлеген акын. Анын чыгармалары окурмандардын жүрөгүнө жол таап, муундан-муунга руханий мурас катары өтүп келет.
Көргөзмөгө акындын ар кыл мезгилдерде жарык көргөн ыр жыйнактары, балдарга арналган чыгармалары, обондуу ырлары жана өмүр жолу менен чыгармачылыгын чагылдырган басылмалар коюлду.
Көргөзмөнүн максаты – окурмандардын китеп окууга болгон кызыгуусун арттыруу, жаш муундарды улуттук адабияттын баалуу мурастары менен тааныштыруу жана акындын чыгармачылыгын кеңири жайылтуу.
Турар Кожомбердиевдин поэзиясы бүгүн да өзүнүн көркөмдүк күчүн жоготпой, окурмандардын жүрөгүндө жашап келет.