Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Турар Кожомбердиевдин түрк тилине которулган китебинин таанытымы болуп өттү

Турар Кожомбердиевдин түрк тилине которулган китебинин таанытымы болуп өттү
04 Июн 2026

Залкар акын Турар Кожомбердиевдин (1941–1989) 85 жылдык мааракесине карата “Күн. Аалам. Жүрөк” ырлар жыйнагы түрк тилине которулду. Аталган китеп ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун колдоосу менен Анкарадан жарык көрдү.

Китептин таанытымы бүгүн, 4-июнда, Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында болуп өттү. Таанытымга ТҮРКСОЙ уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Марат Тагаев, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев, Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкананын директору Элдар Аттокуров, мамлекеттик жана коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын мурдагы премьер-министри (1999–2000-ж.ж) Амангелди Муралиев, Кыргыз эл акындары Сагын Акматбекова, Акбар Рыскулов, Токтосун Самудинов, Тазагүл Закирова, Кыргыз эл жазуучусу Асан Жакшылыков, Турар Кожомбердиевдин иниси Карыбек Кожомбердиев, кызы Нургүл Кожомбердиева жана башка акын, жазуучулар, чыгармачыл адамдар катышты.
Белгилей кетсек, 2026-жылдын 4-июнунда Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында Турар Кожомбердиевдин 85 жылдык мааракесине карата “Жүрөктө жанган алп акын” аталыштагы китеп көргөзмөсү уюштурулуп, Абай залында эскерилди.