
Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Кыргыз китеби бөлүмү «Китепкана түнү – 2026» коомдук-маданий иш-чарага арналган Чыңгыз Айтматовдун жаңыртылган китеп көргөзмөсүн, Эбру ( суу бетине боёк менен сүрөт тартуу өнөрү) техникасы, кол өнөрчүлγк: шуру тизүү, сайма сайуу, курак куроо боюнча мастер-класстарды уюштурушту.

Өз ишин жакшы билген адистер тажрыйбалары менен бөлγшγп, катышуучуларга кол өнөрчүлүк иштерин кантип жасоо ыкмаларын көрсөтүп беришти. Коноктор ынтаа коюп, кызыгуу менен көрүп жатышты.

Ошол эле учурда Чыңгыз Айтматов залында “Уңгужол — биздин улуу жол” аталыштагы тегерек үстөл болуп өттγ.

Ага Кыргыз эл жазуучусу Асан Жакшылыков, Кыргыз эл акыны Маркабай Ааматов, белгилүү ишкер айым, меценат, “Супара” этнокомплексинин жетекчиси Жаңылсынзат Турганбаева, Саякбай Каралаев атындагы алтын жана «Кыргыз тили» төш белгилеринин ээси, атактуу манасчы Замирбек Баялиев, белгилγγ журналист, акын, котормочу Жыргалбек Касаболотов жана башка мугалимдер, студенттер катышып, өлкөнүн келечектеги өнүгүү жолу, идеология, нарктуу, мекенчил жана жоопкерчиликтүү жарандарды тарбиялоо, кыргыз элинин тарыхын, эне тилин, маданий мурасын сактап калуу тууралуу сөз кылышты.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен Улуттук китепканасы 2026-жылдын 28-майында «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу Жарлыгын ишке ашыруу алкагында, Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 35 жылдыгына карата “Эгемендик – ыйык мурас, Уңгужол – келечекке багыт» аталыштагы “Китепкана түнү – 2026” коомдук-маданий иш-чарасын өткөрдү.