2026-жылдын 17-сентябрында Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Кыргыз китеби бөлүмүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө арналган “Улутту улут кылган — тил” аттуу китеп көргөзмөсү уюштурулду.


Аталган көргөзмөгө кыргыз тилинин байлыгы жана көркөм күчү камтылган ар кыл жанрдагы китептер жана адабий чыгармалар коюлуп, окурмандарга мамлекеттик тилдин улут тагдырындагы орду тууралуу кеңири маалымат берилип, тилди сактоо жана өнүктүрүүгө арналган чыгармалар менен таанышууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Мамлекеттик тилди колдоо, окурмандарды тарыхый жана адабий мурастар менен тилге болгон сүйүү жана урматтоо сезимин калыптандыруу, кыргыз тилин, анын улуттук баалуулугун даңазалоо, тарыхый жолун жана улуттук маданияттагы ордун китеп аркылуу чагылдыруу максатта уюшулган көргөзмөгө бардык окурмандарды чакырабыз!