
Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Улуттук библиография бөлүмү «Китепкана түнү – 2026» коомдук-маданий иш-чарага арналган “Улуттук библиография — өлкөбүздүн күзгүсү, ыйык мурасты сактап калуу тилеги” аталышта керемет, кооз, мыкты көргөзмө уюштурду.
Аталган иш-чарага китеп инсталляциясы, библиографиялык көрсөткүчтөрдүн көргөзмөсү коюлду. “Кыргызстан” каталогунан маалымат издөө боюнча тренинг өткөрүү иштерин жасап, окуу залын беш бөлүмгө бөлүп жасалгалашты.
Биринчи бөлүмү кыргыздардын каада-салты, кол өнөрчүлүгүнө арналды. Шырдак, жер төшөк, жаздыкчалар, колго сайылган сайма туштук, курак туштук, боз үйдүн өрмөгү, идишкап, комуз, нарда, кемер кур, көөкөр, камчы жана башка көптөгөн улуттук буюмдары менен жасалгаланды.
Экинчи бөлүмгө китептер, ар түрдүү жандуу жана жасалма гүлдөр, чоподон, айнектен, жыгачтан жасалган чоң жана майда кооз буюмдар коюлду.
Үчүнчү бөлүмгө балдарга арналган китептер, журналдар коюлуп, балдарды кызыктыруу максатында ар кандай оюнчуктар менен кооздолду.


Төртүнчү бөлүмдө библиографиялык көрсөткүчтөрдүн көргөзмөсү “1960-1980-жылдары китепканачылар колдонгон буюмдар” менен кошо коюлду. Басуу (печатная) машинкасы, столго коюлуучу лампа, саат, калем сап, 1960-жылдары басуу (печатная) машинкасына басылган документтер, жыгач счет (чот), музыкалык проигрыватель, 1953–1960-жылдардагы пластинкалар. Бул көргөзмө “сүрөткө түшүү аймагы” катары дагы жасалды.


Бешинчи бөлүм келген конокторго арналып, боорсок, чий боорсок, каттама, калама, сары май, каймак, бал, нават, айран, жарма, чалап, бозо, сүзмө, курут, кошкон май, сүт чай сындуу улуттук тамак-аш коюлду.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен Улуттук китепканасы 2026-жылдын 28-майында «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу Жарлыгын ишке ашыруу алкагында, Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 35 жылдыгына карата “Эгемендик – ыйык мурас, Уңгужол – келечекке багыт» аталыштагы “Китепкана түнү – 2026” коомдук-маданий иш-чара өткөрдү.