2025-жылдын 7-октябрында Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында белгилүү сүрөтчү, Кыргызстан сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, маданияттын мыкты кызматкери Алмаз Кожогуловдун “Уңгу” аталышындагы сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышы болду.
Иш-чарага легендарлуу парламенттин депутаты Карыпбек Асанов, VII чакырылыштын депутаты Мирлан Самыйкожо, Нарын сүрөтчүлөр коомунун жетекчиси Ишенбек Иманалиев, эл артисти Курмангазы Азыкбаев, зергер, уста Сүйүн Момунбаев, активист Калыс Тиленбаев жана башка коомдук ишмерлер, сүрөтчүлөр катышты.



Өзгөчө сүрөттөрдү жараткан таланттуу сүрөтчү Алмаз Кожогулов 28 жылдан бери жиптерди колдонуп, саймалап сүрөт тартып, сайманын чукуп саюу түрү аркылуу сүрөт дүйнөсүн байытып келет. Ошондой эле жыгач бетине да сүрөт тартат.







Ал саймалап белгилүү инсандардын портреттерин жана саясатчылардын сүрөттөрүн жараткан. Сайма саюуда мал доктурдун ийнесин колдонот.