Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Улуттук китепканада Азербайжан адабиятынын бурчу ачылды / В Национальной библиотеке состоялось открытие уголка азербайджанской литературы

Улуттук китепканада Азербайжан адабиятынын бурчу ачылды / В Национальной библиотеке состоялось открытие уголка азербайджанской литературы
23 Апр 2025

22-апрелде, Кыргыз Республикасында өтүп жаткан Азербайжан Республикасынын Маданият күндөрүнүн алкагында, Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада Азербайжан адабиятынын бурчу ачылды. Аталган иш-чара эки боордош элдин ортосундагы көп жылдык достукту, тарыхый жана руханий баалуулуктарга негизделген маданий алакаларды чыңдоонун символу болду.

Ачылыш аземинде көрүнүктүү акын, драматург жана коомдук ишмер Бахтияр Вахабзаденин чыгармачылыгына арналган адабий кече өттү. Залкар акындын кайталангыс адабий мурасын кыргыз окурмандарына таанытуу максатында “Тандалган чыгармалар” аттуу китебин бет ачары тартууланды.

Аталган китептеги жарык көргөн чыгармаларды акындар Өмүрбек Тиллебаев, Бактыгүл Чотурова, Алтынбек Исмаиловдор которуп, ТҮРКСОЙ эл аралык уюму тарабынан басылып чыккан. Бахтияр Вахабзаденин поэзиясы мекенге болгон сүйүүнү, улуттук салт-санаа менен тилге берилгендикти даңазалайт. Иш-чарага Кыргыз министринин орун басары Гүлбара Абдыкалыкова, Азербайжан Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты Республикасынын Маданият министри Адил Габиль оглу Каримли, дипломатиялык корпус өкүлдөрү, маданият ишмерлери, адабиятчы-окумуштуулар, котормочулар катышты.

Иш-чарада Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Гүлбара Абдыкалыкова сөз сүйлөп, төмөнкүлөрдү белгиледи:

“Азербайжан адабиятынын бурчунун ачылышы — Улуттук китепканабыздын фондун гана толуктоо эмес. Бул биздин элдердин ортосундагы руханий көпүрө, жазуучуларыбыздын чыгармалары аркылуу бири-бирибизди тереңирээк таанып-билүүгө болгон мүмкүнчүлүк. Мындай демилгелер маданий байланышты чыңдап, жаштарды шыктандырып, адабият, искусство жана гуманитардык кызматташтыктын жаңы долбоорлоруна жол ачат деп ишенебиз. Бахтияр Вахабзаденин калеминен чыккан сөз кыргыз жергесинде да урмат жана ыраазычылык менен жаңырышын каалайбыз” – деди.

Кыргызстан менен Азербайжанды бекем достук, өз ара түшүнүшүү, жалпы түрк тектүү иденттүүлүк жана руханий мурасты сактоого болгон умтулуу бириктирет. Азербайжан маданият күндөрү уланууда, алдыда Бишкек шаарынын тургундары менен конокторун бай маданий программа – концерттер, көргөзмөлөр жана чыгармачыл жолугушуулар күтүп турат.

 

 

********

В Национальной библиотеке состоялось открытие уголка азербайджанской литературы

Сегодня, 22 апреля, в рамках Дней культуры Азербайджанской Республики в Кыргызской Республике, в Национальной библиотеке имени Алыкула Осмонова был торжественно открыт уголок азербайджанской литературы. Данное событие стало символом укрепления многолетней дружбы между двумя братскими народами и развития культурных связей, основанных на общих исторических и духовных ценностях.

Во время церемонии открытия состоялся литературный вечер, посвящённый творчеству выдающегося поэта, драматурга и общественного деятеля Бахтияра Вахабзаде. Также была презентована книга «Тандалган чыгармалар» («Избранные произведения»), цель которой — познакомить кыргызских читателей с уникальным литературным наследием великого поэта.

Произведения, вошедшие в сборник, были переведены поэтом Омурбеком Тиллебаевым и изданы при поддержке международной организации ТЮРКСОЙ. Поэзия Бахтияра Вахабзаде воспевает любовь к Родине, приверженность национальным традициям и родному языку.

В мероприятии приняли участие заместитель министра культуры, информации и молодёжной политики Кыргызской Республики Гульбара Абдыкалыкова, министр культуры Азербайджанской Республики Адиль Габиль оглу Каримли, представители дипломатического корпуса, деятели культуры, литературоведы и переводчики.

В своей речи заместитель министра Гульбара Абдыкалыкова отметила:
«Открытие уголка азербайджанской литературы — это не просто пополнение фонда нашей Национальной библиотеки. Это духовный мост между двумя народами, возможность глубже узнать друг друга через творчество писателей. Мы уверены, что такие инициативы укрепляют культурные связи, вдохновляют молодёжь и открывают путь новым проектам в области литературы, искусства и гуманитарного сотрудничества. Пусть слово Бахтияра Вахабзаде звучит на кыргызской земле с уважением и благодарностью».

Кыргызстан и Азербайджан связывает крепкая дружба, взаимопонимание, общая тюркская идентичность и стремление сохранить духовное наследие.

Дни культуры Азербайджана продолжатся — впереди жителей и гостей столицы ждёт насыщенная культурная программа: концерты, выставки и творческие встречи.