Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен «БишХолдер» эл аралык үстөл үстүндөгү ролдук оюндар фестивалы болуп өттү.


Сегиз саатка созулган фестивалга Кыргызстан менен Казакстандан 250дөн ашык адам катышты. Экинчи жолу уюштурулган иш-чара быйыл биринчи жолу эл аралык форматта өткөрүлүп, катышуучулардын саны мурунку фестивалга салыштырмалуу эки эседен ашык көбөйдү.

Фестивалдын алкагында ролдук оюндар, лекциялар, миниатюралар жана карта оюндары боюнча иш-чаралар, командалык турнирлер уюштурулду. Ошондой эле тарыхый реконструкция, сооттордун жана муздак куралдардын көргөзмөсү, жергиликтүү авторлордун жана кол өнөрчүлөрдүн жарманкеси өткөрүлдү. Катышуучулар ар кандай оюн системалары менен таанышып, өздөрүнүн чыгармачылык жөндөмдөрүн көрсөтүүгө жана тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк алышты.
Фестиваль чыгармачыл ой жүгүртүүнү, баарлашуу маданиятын жана командада иштөө көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталды. Улуттук китепкананын ар башка залдарында уюштурулган тематикалык аянтчалар катышуучуларга ыңгайлуу шарт түздү.
Иш-чаранын уюштуруучулары фестивалды колдогон Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасына, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине жана иш-чараны өткөрүүгө салым кошкон бардык катышуучуларга ыраазычылык билдиришти.