
2026-жылдын 8-апрелинде Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Чыңгыз Айтматов залында жазуучу, прозаик, сатирик, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, “Эмгектеги артыкчылыгы үчүн” медалы жана “Ардак Белгиси” орденинин ээси Касым Каимов (1926-1989) эскерилди.

Уюшулган иш-чарага Улуттук китепкананын директору Элдар Аттокуров, Улуттук Жазуучулар Союзунун жетекчиси Каныбек Иманалиев, Анатай Өмүрканов, Бурул Калчабаева, Сейит Жетимишов, Асан Жакшылыков, Карбалас Бакиров, Түгөлбай Казаков, Калыбек Тайтекеев, Күлташыр Шерипбаев, Темирбек Токтогазиев, жазуучунун үй-бүлөсү жана белгилүү акын, жазуучу, илимпоз, сүрөтчүлөр катышты.


Са
лтанаттуу иш-чара фойедеги “Кара сөздүн чебери — Касым Каимов” аталыштагы Массалык маалымат жана маданий программалар бөлүмү уюштурган китеп көргөзмөсү жана Кыргызстан сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, белгилүү сүрөтчү Нурдин Каимовдун атасынын 100 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөсүнөн башталып, Ч.Айтматов залында уланды.


Белгилүү акын, жазуучу, сүрөтчүлөр, илимпоздор Касым Каимовдун чыгармачылыгы, баскан жолу, адамгерчилиги тууралуу сөз кылышты.
Иш-чара жазуучунун байбичеси Ырыскан апанын ак батасы менен аяктады.