Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Улуттук китепканадагы «Бөбөк, сенин жомогуң”…

Улуттук китепканадагы «Бөбөк, сенин жомогуң”…
01 Июн 2026

Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Архив фонду бөлүмү «Китепкана түнү – 2026» коомдук-маданий иш-чарага арналган «Бөбөк, сенин жомогуңду” уюштурушту. Белгилγγ теле алып баруучу, Чыңгыз Айтматов, Жолдубай Кайыпов, Муратбек Жумадылов атындагы эл аралык сыйлыктардын лауреаты, маданияттын мыкты кызматкери Нурдөөлөт Копоевди чакырып, жомок айттырышты.

УТРКнын «Баластан» балдар телеканалында «Бөбөк, сенин жомогуң» көрсөтүүсүн 2013-жылдан бери алып барып, өзгөчө үнү, актёрдук чеберчилиги, балдарга болгон жылуу мамилеси менен сүйүктүү «Жомокчу байкеге» айланган актёр алгач балдар менен амандашып, каникул убагында кайда эс алышарын, кандай китеп окушарын сурап аңгемелешти. Андан соң грек жомогу «Аксаган эшек менен карышкыр», «Токойдогу куштар», “Тγлкγ менен коен» жомокторун окуп берди. ВИДЕО

Ата-энелеринин коштоосунда келген 5 жаштан 12 жашка чейинки бөбөктөр кызыгуу менен, түркүн эмоция менен кунт коюп угуп, өзгөчө куштардын сайраганын туурап берген жеринде кол чаап да жиберишти…

Балдарга жомоктор дүйнөсүнө саякат жана керемет ырахат тартуулаган Нурдөөлөт Копоевге Ыраазычылык кат менен китеп тапшырылды.

Эске сала кетсек, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен Улуттук китепкана 2026-жылдын 28-майында «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу Жарлыгын ишке ашыруу алкагында, Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 35 жылдыгына карата “Эгемендик – ыйык мурас, Уңгужол – келечекке багыт» аталыштагы “Китепкана түнү – 2026” коомдук-маданий иш-чарасын жогорку деңгээлде өткөрдү.