
Кара сөздүн, адабий сындын көч баштоочуларынын бири, кесипкөй кыргыз жазма адабиятынын роман жанрынын баштоочусу, жазуучу, акын, котормочу Мукай Элебаев (1906–1944) туулгандыгынын 120 жылдык мааракесине карата 2026-жылдын 30-апрелинде, саат 11:00дө А. Осмонов атындагы Улуттук китепкананын Ч.Айтматов залында эскерилет.
Улуттук адабияттын классигинин урпактары уюштуруп жаткан эскерүүгө белгилүү акын, жазуучулар, окумуштуулар, мугалимдер катышат. Мектеп окуучулары чыгармаларынан көркөм окуйт. Китеп, сүрөт көргөзмөсү уюштурулат.
30-апрелдеги эскерүүгө баарыңыздарды чакырабыз!
Каалоочуларга эшик ачык!