Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

УЛУУ ЖЕҢИШКЕ 81 ЖЫЛ: “Кыргызстандын Баатырлары”. “Автограф” коллекциясы…

УЛУУ ЖЕҢИШКЕ 81 ЖЫЛ: “Кыргызстандын Баатырлары”. “Автограф” коллекциясы…
04 Май 2026

2026-жылдын 4-майында А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасындагы Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмү Улуу Жеңиштин 81 жылдыгына арналган “Эч ким, эч качан унутулбайт” китеп көргөзмөсүн уюштурду.

Аталган көргөзмөгө “Кыргызстандын Баатырлары” аталыштагы сүрөт альбому жайгаштырылды. «Өзү өлсө да, баатыр өлбөйт. Эрдиги калат кылымга» деп татар акыны Муса Жалил жазгандай, альбомдо Улуу Ата мекендик согушка (1941-1945) 360 миңден ашуун кыргызстандык жоокер катышып, анын ичинде эрдик көрсөткөн жетимиштен ашык Советтер Союзунун Баатырларынын (Дγйшөнкул Шопоков, Чолпонбай Түлөбердиев, Дайыр Асанов, Калыйнур Үсөнбаев жана башкалардын) согуш талаасындагы кыйын жашоосу, майданда көрсөткөн эрдиктери жана келечек муунга калтырган мурастары сүрөттөлгөн.

“Автограф” коллекциясына залкар жазуучуларыбыз Тγгөлбай Сыдыкбеков менен Чыңгыз Айтматовдун Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы кыргыз элинин турмушун чагылдырган чыгармалары авторлордун кол тамгасы менен жайгаштырылды.

Аны менен катар Ата мекендик согуштун катышуучулары жана ардагерлери, атактуу акындар: Жусуп Турусбеков, Темиркул Үмөталиев, Насирдин Байтемиров, Сооронбай Жусуев, Сγйγнбай Эралиевдин согуш жана тынчтык темасындагы ырлар жыйнактары коюлду.

Ошондой эле кыргыз профессионал адабиятында аялдар поэзиясынын баштоочусу, акын жана актриса Нуркамал Жетикашкаеванын Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы ырлары, Кыргызстан эмгекчилеринин согуштан кийинки күжүрмөндүгүн даңазалаган чыгармалары жайгаштырылды.

“Эч ким, эч качан унутулбайт” китеп көргөзмөсγнө жана “Автограф” коллекциясына баарыңыздарды чакырабыз! Каалоочуларга эшик ачык!