2026-жылдын 9-майында А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасындагы Массалык маалымат жана маданий программалар бөлүмү Улуу Жеңиштин 81 жылдыгына арналган “Улуу Жеңишке айланып кеткен өмγрлөр” аталыштагы китеп көргөзмөсүн уюштурду.

Аталган көргөзмөгө Улуу Жеңиш күнү үчүн жергебизден кан майданга 360 миң жоокерибиз аттанып, 114 миңден ашыгы кайтпай калып, канча аял жесир, канча бала жетим калганы, 56 миңден көбү дайынсыз жоголуп, γмγт менен жол карап өткөн өмγрлөр жана Дγйшөнкул Шопоков, Чолпонбай Түлөбердиев, Дайыр Асанов, Калыйнур Үсөнбеков баштаган Советтер Союзунун Баатырлары, кан майданда каармандык көрсөткөн башка баатыр жоокерлердин эрдиктери тууралуу журнал, гезиттерге жарыяланган материалдар жайгаштырылды.

Аны менен катар от күйгөн согушка жаш кетип, бирок мекенине кайтпай калган Мукай Элебаевдин китептери («Салам кат» (1941), «Улуу марш» (1943), «Алыста калган жарга», «Согуштан кат», «Көрүшөрбүз бир күнү», «Ала-Тоодон кат», «Тилек») жана улуу жазуучунун небереси Элмира Дγйшөналиева алып келген тарыхый сγрөттөр (1944-жылы 15-майда 267-аткычтар полкунун аткычы катары согушуп жатып Псков облусунун Псков районунда каза болгондугу, сөөгү Ланева Гора деген кыштакка коюлгандыгы, кийин урпактары ал жакка барып тγшкөн) жайгаштырылды.
Алп акындын 120 жылдыгына арналган иш-чарага катышкан белгилγγ акын, жазуучулар көргөзмөгө коюлган китептердин ичиндеги мазмунун айтып беришсе, мектеп окуучулары алп акындын согушта жазган ырларын көркөм окуп беришти…
Ушундай жаркын жашоону алып келген Баатырларыбызды эскерип, Улуу Жеңишке айланып кеткен өмүрлөрдγ кийинки муунга эскертип айтып турушубуз керек! Эч ким, эч нерсе унутулбайт!