Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

ВИКТОРИНА: “Оку, ойлон, жооп бер!” 

ВИКТОРИНА: “Оку, ойлон, жооп бер!” 
01 Июн 2026

Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Китеп фонду бөлүмү «Китепкана түнү – 2026» коомдук-маданий иш-чарасына арналган “Оку, ойлон, жооп бер!”  аталыштагы викторина уюштурушту.

Аны менен катар оор салмактагы аюу, мамалак менен коендун кийимин алты саат кийип, конокторго жакшы маанай тартуулашты. Келгендер аюу, мамалак, коен менен бийлеп, сγрөткө тγшγп атышты.

Китеп окууга балдардын кызыгуусун арттыруу, кыргыз адабияты менен маданиятын даңазалоо максатында уюштурулган иш-чарага ата-энелери менен келген өспүрүмдөр жана бөбөктөр катышты.

Белгилγγ акын, жазуучулардын сγрөттөрγ, китептери, жомок, мультфильмдер тууралуу берилген суроолордун туура жоопторун таап, белектерди алып кубанышты.

Эске сала кетсек, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен Улуттук китепкана 2026-жылдын 28-майында «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу Жарлыгын ишке ашыруу алкагында, Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 35 жылдыгына карата “Эгемендик – ыйык мурас, Уңгужол – келечекке багыт» аталыштагы “Китепкана түнү – 2026” коомдук-маданий иш-чарасын өткөрдү.