Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

XII «Евразиялык билим берүү» эл аралык көргөзмө башталды

XII «Евразиялык билим берүү» эл аралык көргөзмө башталды
06 Окт 2026

Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында XII «Евразиялык билим берүү» эл аралык эки күндүк көргөзмө (6-7-октябрда) башталды.

Улуттук китепкана мектеп окуучулары, болочок студенттер жана ата-энелер үчүн билим берγγ алкагындагы баарлашуу аянтчасына, кесипке багыт берүү борборуна айланды.

Уюшулган иш-чарага Кыргызстан, Казакстан жана Россиянын алдыңкы жогорку окуу жайлары (ЖОЖ) катышууда. ЖОЖ өкүлдөрү окуу программалары менен бюджеттик орундарга кабыл алуу шарттары тууралуу окуучуларга кеңири маалымат берип, тесттен өткөрүшүүдө.

«Евразиялык билим берүү» эл аралык көргөзмө КМШ жана Евразия аймагындагы өлкөлөрдүн ортосундагы билим берүү интеграциясын күчөтүү, студенттердин эл аралык деңгээлде мобилдүүлүгүн арттыруу жана абитуриенттерге кесип тандоодо туура багыт берүү максатта түзүлгөн.