

Бүгүн, 23-апрелде, Жалал-Абад облусундагы Манас шаарында Эл аралык «XVII КИТЕП FEST — 2026» китеп фестивалы башталды.


Жалал-Абад облустук китепканасынын 100 жылдык мааракесине арналган фестивалга Казакстан, Өзбекстан, Россия мамлекеттеринин акын-жазуучулары, басмакана өкүлдөрү, маданият жана адабият чөйрөсүнүн ишмерлери, А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы жана Кыргызстандагы облустук, райондук, шаардык жана айылдык китепканалардын өкүлдөрү катышууда.


Улуттук китеп басып чыгаруунун жетишкендиктерин кеңири жайылтуу, басмаканалар ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо жана коомдо китеп окуу маданиятын өнүктүрүү максатында уюшулган фестивалда Улуттук китепкана Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун колдоосу менен Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата басылып чыккан китеп көргөзмөсүн уюштурду.


Көргөзмөгө Улуттук китепканадагы эң чоң (72х52 см) жана эң кичине (5х5 мм) китептер, 2025–2026-жылдары китепкана фондуна келип түшкөн жаңы китептер коюлду.




Белгилей кетсек, 23-апрель — дүйнөлүк адабият күнүн белгилөө үчүн мааниси бар дата. Алсак, Сервантес, Шекспир, Инка Гарсилио де ла Вега сыяктуу классиктер 1616-жылдын 23-апрелинде дүйнөдөн өткөн. Ушундан улам ЮНЕСКО уюмунун Генералдык конференциясы бул күндү китеп жана автордук укукту урматтоо максатында белгилөө резолюциясын кабыл алса, Кыргыз Республикасынын өкмөтү Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүн белгилөө токтомун 2002-жылдын 1-апрелинде кабыл алган.