Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун “Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн айрым кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына ылайык, 2026-жылдын 1-апрелинен баштап мугалимдердин, медицина кызматкерлеринин жана маданият тармагында иштегендердин айлык маянасы жогорулады.
Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нургожоевичке, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Президенттин Администрациясынын Жетекчиси (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү) Касымалиев Адылбек Алешовичке, Маданият, маалымат жана жаштар саясатынын министри Мамбеталиев Мирбек Кемеловичке, Кыргыз Республикасынын Финансы министри Суйналиев Руслан Мырзабековичке Улуттук китепкананын эмгек жамаатынын атынан терең ыраазычылык билдиребиз!
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2025-жылдын 25-декабрында өткөн IV Элдик курултайда 2026-жылдын 1-апрелинен тарта бюджеттик мекемелердин кызматкерлеринин (мугалим, дарыгер жана маданият тармагындагылардын) айлык акылары көбөйтүлөрүн билдирген.