2026-жылдын 4-июнунда залкар акын Турар Кожомбердиевдин (1941–1989) 85 жылдык мааракесине карата алп акын Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Абай залында эскерилди.


Эскерүүгө ТҮРКСОЙ уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Марат Тагаев, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев, Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкананын директору Элдар Аттокуров, мамлекеттик жана коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын мурдагы премьер-министри (1999–2000-ж.ж) Амангелди Муралиев, Кыргыз эл акындары Сагын Акматбекова, Акбар Рыскулов, Токтосун Самудинов, Тазагүл Закирова, Кыргыз эл жазуучусу Асан Жакшылыков, Турар Кожомбердиевдин иниси Карыбек Кожомбердиев, кызы Нургүл Кожомбердиева жана башка акын, жазуучулар, чыгармачыл адамдар катышты.


Алгач даректүү тасма көрсөтүлдү. Андан кийин замандаштары, калемдештери залкар акындын өмүрүнүн аягына чейин ички дүйнөсүнүн тазалыгын, баладай ишенчээктигин сактап калганын баса белгилешти. Досторуна, кесиптештерине абдан күйүмдүү, колунда болгонун аябаган, кең пейил, көрө албастык, ичи тардык терс сапаттардан алыс болгонун, шайыр, юморду абдан баалаган инсан, улууну урматтап, кичүүнү сыйлай билген, тарбиялуу, эч качан бирөөгө катуу тийип, көңүл оорутпаган маданияттуулугу менен айырмаланып турганын, атак-даңкка умтулбаган, өзүн башкалардан өйдө койбогон жөнөкөй, эч кимди туурабаганы, ырлары өтө жөнөкөй, терең маанилүүлүгү болгонун, жаратылыш, туулган жер, эне тууралуу лирикалары кыргыз поэзиясынын алтын фондуна киргенин, бир топ ырларына обон чыгып, элдик ырга айланганын айтышып, ырларынан көркөм окуп, обондуу ырларынан созуп беришти.


Белгилей кетсек, 2026-жылдын 4-июнунда Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында Турар Кожомбердиевдин 85 жылдык мааракесине карата “Жүрөктө жанган алп акын” аталыштагы китеп көргөзмөсү уюштурулуп, Абай залында “Күн. Аалам. Жүрөк” ырлар жыйнагы түрк тилине которулган китебинин таанытымы болуп өттү.