Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Залкар жазуучу, сынчы Салижан Жигитовду эскерүү кечесинен жолугабыз!

Залкар жазуучу, сынчы Салижан Жигитовду эскерүү кечесинен жолугабыз!
27 Апр 2026

Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасындагы Чыңгыз Айтматов залында кыргыз адабий чөйрөсүнө өзгөчө сын макалалары, аңгемелери менен таанымал калемгер Жолдубек Качкынбаевдин “Батперек” повести боюнча талдоо болуп өттү.

Жаңы чыгарманын тегерегинде пикир алышуу кызыктуу жүрдү. Суроо-жооп жетиштүү болду… Айрым окумандардын курч суроолоруна автор жеткиликтүү жоопторду берди. Жолдубек мырза да катышуучуларга суроо бергенде, алар ой чабытарына жараша так жоопторду бергенге аракет кылышты.

     Улуттук китепкана, Улуттук жазуучулар Союзу, “Улуу Тоолор” басмаканасы жана “Бир адамдан бир китеп” коомдук бирикмеси биргелешип уюштуруп келаткан  иш-чаранын кийинкиси — 30-майда.

Тагырагы, залкар жазуучу, акын, сынчы, котормочу, публицист, ойчул, окумуштуу, мамлекеттик жана коомдук ишмер, филология илимдеринин доктору, профессор Салижан Жигитовдун (1936-2006) 90 жылдык мааракесине арналган эскерүү кечесинен жолугабыз!