Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Замирбек Үсөнбаев: «Комуздун үч кылында кыргыздын бүтүндөй тарыхы, муңу жана шаңы катылган”

Замирбек Үсөнбаев: «Комуздун үч кылында кыргыздын бүтүндөй тарыхы, муңу жана шаңы катылган”
24 Сен 2026

2026-жылдын 24-сентябрында Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында Кыргыз эл артисти Замирбек Үсөнбаевдин 75 жылдык мааракесине арналган “Үч кылдын сырын чечкен, сөз кадырын сезген ­- Замирбек Үсөнбаев” аталыштагы китеп көргөзмө уюштурулду.

Аталган көргөзмөгө залкар төкмө акындын басып өткөн өрнөктүү жолу, атасы улуу төкмө акын, классик импровизатор, залкар комузчу Алымкул Үсөнбаевдин (1894—1963) мурасын улап келаткан чыгармачылыгы тууралуу китептер, гезиттерге жарыяланган макалалар жайгаштырылды.

Бардык окурмандарды көргөзмөгө чакырабыз!