
2026-жылдын 4-июнунда Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Массалык маалымат жана маданий программалар бөлүмү классик акын Турар Кожомбердиевдин (1941–1989) 85 жылдык мааракесине карата “Жүрөктө жанган алп акын ” аталыштагы китеп көргөзмөсүн уюштурду.

Китеп көргөзмөгө залкар акындын китептери, балдарга арналган ырлары, обондуу ырлары, тарыхый сүрөттөрү жана маркум тууралуу гезит, журналдарга жарыяланган эскерүүлөр коюлду.

Учурда лирик акын Абай залында эскерилүүдө. Эскерүүгө ТҮРКСОЙ (Түрк маданиятынын эл аралык уюму) уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Марат Тагаев, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев, Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкананын директору Элдар Аттокуров, Кыргыз эл акындары: Сагын Акматбекова, Акбар Рыскулов, Токтосун Самудинов, Кыргыз эл жазуучусу Асан Жакшылыков, Турар Кожомбердиевдин иниси Карыбай Кожомбердиев, кызы Нургүл Кожомбердиева жана акын, жазуучулар, чыгармачыл адамдар катышууда.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун демилгеси менен Турар Кожомбердиевдин 85 жылдык мааракесине карата 2026-жылдын 3-6-июнунда Турар Кожомбердиев атындагы эл аралык поэзия фестивалы өтөт.
Фестивалдын программасы боюнча уюшулган иш-чара Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканадагы алп акын Турар Кожомбердиевдин өмүр жолуна жана чыгармачылыгына арналган китеп көргөзмө менен башталды.