2026-жылдын 24-июнунда Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин жогорку жаш окумуштуулар кеңеши менен Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы биргеликте уюштурган «Жаңы доордогу кыргыз иденттүүлүгү: жаш окумуштуулардын илимий көз карашы» аттуу тегерек стол болуп өттү.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу тууралуу Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында уюштурулду.
Тегерек столго Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары Лира Сулайманова, Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын директору Элдар Аттокуров, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, белгилүү окумуштуулар жана жогорку окуу жайлардын окутуучулары менен жаш окумуштуулар, аспиранттар, магистранттар жана коомдук ишмерлер катышты.
Жаш окумуштуулар кыргыз иденттүүлүгүн илимий өңүттөн талдап, заманбап коомдогу орду, улуттук баалуулуктардын келечеги жана аларды жаш муундарга жеткирүүнүн натыйжалуу жолдору боюнча баяндамаларды сунушташты. Катышуучулар улуттук өзгөчөлүктөрдү сактоо менен бирге дүйнөлүк өнүгүү процесстерине шайкеш келүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.
Иш-чаранын алкагында министрдин орун басары Лира Сулайманова жана А. Осмонов атындагы Улуттук китепкананын директору Элдар Аттокуров жаш окумуштуулардын суроолоруна жооп берип, алардын демилгелүү сунуштарын угуп, чечүү жолдорун да караштырарын айтышты.
Тегерек стол жаш окумуштуулар үчүн илимий пикир алмашуунун жана улуттук иденттүүлүк маселелерин талкуулоонун маанилүү аянтчасы болуп, илим менен коомдун байланышын чыңдоого өз салымын кошот деген пикирлерин билдиришти.