2026-жылдын 2-июнунда Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасындагы Ч.Айтматов залында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук стратегиялык демилгелер институту тарабынан уюштурулган “ЭКСПО: ДЕМИЛГЕ” көп тармактуу долбоорун тааныштыруу кеңешмеси болуп өттү.


Уюштурулган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун директору Шумкарбек Адилбек уулу, ушул улуттук институттун Социалдык бөлүмүнүн башкы эксперти Кадырали Кошалиев, Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепкананын директору Элдар Аттокуров катышты.
Тегерек столго катышкандар бүгүн дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттери өздөрүнүн улуттук рухун, маданий өзөгүн жана мамлекеттүүлүк баалуулуктарын бекемдөөгө өзгөчө көңүл буруп жатканын, Кыргызстан да өзүнүн өнүгүү жолун так аныктаганын, бүгүнкү иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужол Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлүп жатканын, уңгужол өлкөбүздүн руханий, идеологиялык жана стратегиялык өнүгүүсүнүн негизги багытын көрсөтүп бергенин баса белгилешип, Жаңы Кыргызстанды куруу — ар бир жарандын демилгесинен башталарын эскертишти.