
2026-жылдын 28-майында А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу Жарлыгын ишке ашыруу алкагында, Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 35 жылдыгына карата “Эгемендик – ыйык мурас, Уңгужол – келечекке багыт» аталыштагы “Китепканадагы кадыр түн – 2026” коомдук-маданий иш-чара өткөрөт.
Китеп окуу маданиятын өнүктүрүүгө, жаштардын китепке болгон кызыгуусун арттырууга, окурмандарды китепканаларга тартууга багытталган иш-чарага расмий коноктор, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, маданият жана искусство ишмерлери, илимий кызматкерлер, белгилүү акын, жазуучулар, ырчылар, бийчилер, комузчулар, сүрөтчүлөр, чыгармачыл жаштар, жогорку окуу жайлардын мугалимдери, студенттер, коомдук уюмдар, басмаканалар, улуттук-маданий борборлор катышат.
Китепкана кызматкерлери келген конокторго белгилүү инсандар менен жолугушууларды, мастер-класстарды, жасалга-колдонмо өнөрү көргөзмөлөрүн, адабий сынактарды жана суроо-жооп оюндарын, видеокөрсөтүүлөрдү, концерттик номерлерди, кинолорду, театрлаштырылган жана башка кызыктуу оюн-зоокторду, тагырагы, 50дөн ашык иш-чараны уюштурат.
“Китепканадагы кадыр түн – 2026” коомдук-маданий иш-чарасы саат 18:00дө башталып, 24:00дө аяктайт!
Урматтуу окурмандар, Сиздерди 28-майда Улуттук китепкананын астанасынан күтүп алабыз! Келип, кадырлуу конок болуп, көңүл ачып кетиңиздер!