
2026-жылдын 8-апрелинде Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Чыңгыз Айтматов залында, саат 12:00дө жазуучу, прозаик, сатирик, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, “Эмгектеги артыкчылыгы үчүн” медалы жана “Ардак Белгиси” орденинин ээси Касым Каимов (1926-1989) туулган күнүнө — 100 жылдык мааракесине карата эскерилет.
Улуттук китепкана, Улуттук Жазуучулар союзу уюштуруп жаткан иш-чарага жазуучунун үй-бүлөсү жана белгилүү акын, жазуучу, сүрөтчүлөр катышат.
Иш-чара фойедеги “Кара сөздүн чебери — Касым Каимов” аталыштагы Массалык маалымат жана маданий программалар бөлүмү уюштурган китеп көргөзмөсү жана Кыргызстан сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, белгилүү сүрөтчү Нурдин Каимовдун атасынын 100 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөсү менен башталат.
Салтанаттуу иш-чарага баарыңыздарды чакырабыз!