Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

“Педагогикалык маалымат каражаты – кут билим казынасы” аттуу көргөзмөнүн ачылышы

“Педагогикалык маалымат каражаты – кут билим казынасы” аттуу көргөзмөнүн ачылышы
11 Апр 2023
2023-жылдын 11-апрелинде саат 11.00дө Кыргыз Республикасынын  А. Осмонов атындагы Улуттук китепканасынын фойесинде Улуттук китепкананын Массалык- маалымат иштер жана маданий программалар бөлүмү “Кут Билим” медиа борбору менен биргеликте уюштурулган “Эл агартуу” журналынын 95, “Кут Билим” гезитинин 70 жана “Русский язык и литература в школах Кыргызстана” журналынын 65 жылдык мааракесине арналган, алардын тарых-таржымалын чагылдырган “Педагогикалык маалымат каражаты – кут билим казынасы” деген аталыштагы көргөзмөсү ачылды.
Көргөзмөгө Президенттин кенешчиси Арслан Койчиев, Кыргыз Республикасынын  Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев, коомдук ишмер Ишенгүл  Болжурова, «Кут билим» газетасынын жамааты, “Медиа” борбордун директору Кубат Чекиров, коомдук ишмерлер, акын-жазуучулар, журналисттер союзунун торогасынын орун басары Курманбек Раматов катышты.