Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

«Санаты сансыз – Салимбай» атту китептеринин бет ачар аземи өттү

«Санаты сансыз – Салимбай» атту китептеринин бет ачар аземи өттү
03 Дек 2022

Кыргыз Республикасынын Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканасынын Чынгыз Айтматов маданий борборунда, манасчы, акын, маданияттын мыкты кызматкери, КР Президентинин ардак грамотасынын ээси Салимбай Турсунбаевдин варианты боюнча жарык көргөн «Чоң казат» жана замандаштарынын эскермелери менен манасчынын соңку жылдарда жазган ырлары камтылган «Санаты сансыз – Салимбай» атту китептеринин бет ачар аземи өттү. Иш — чарага КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясатынын министиринин орун басары Т.Колдошов, КРнын Улуттук китепканасынын директору Н.Ракимовна, Кыргыз Улуттук «Манас» театрынын жалпы жамааты, коомдук жана маданият ишмерлери катышышты.