Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Сулайман Маймуловдун 90 жылдыгына карата  “Сулайман Маймулов — Акын, котормочу” аттуу календарлык көргөзмөсү уюштурулду

Сулайман Маймуловдун 90 жылдыгына карата  “Сулайман Маймулов — Акын, котормочу” аттуу календарлык көргөзмөсү уюштурулду
16 Мар 2022

Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Ч.Айтматов атындагы Кыргыз-Түрк маданият борбору залында Сулайман Маймуловдун 90 жылдыгына карата  “Сулайман Маймулов -Акын, котормочу” аттуу календарлык көргөзмөсу уюштурулду.

Акын Маймулов Сулайман Кемин районундагы Уч-Урук айылында 1932-жылы 8-мартта туулган. 1953-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факльтетин бүтүргөн.

1954-жылдан «Жаш Ленинчи» журналында алгачадабий кызматкер бөлүм башчы, 1955–1956-жж. ВЛКСМдин Борбордук КомитетининМосквадагы комсомолдук мектебинде окуган. 1957–1958-жж. «Ленинчи жаш» гезитинин адабият жана искусство бөлүмүнүн башчысы, 1962-жылы Кыргызстан Мамлекеттик Басмасынын адабият жана искусство бөлүмүн жетектейт. 1962-жылдан «Кыргызстан» басмасындаулук редактор, көркөм адабият бөлүмүнүн башчысы. Узак жылдар бою “Кыргызстан маданияты”гезитинде кабарчы, бөлүм башчы болуп иштеген.

С. Маймуловдун  чыгармалары 1950-жылдан баштап жарыяланып, 1955-жылы биринчи ырлар жыйнагы “Бөбөктөргө” деген ат менен чыккан.

Анын чыгармалары союздук масштабдагы бардык республикалардын тилдеринде жана немис, болгар  тилинде жарыяланган. Акындын калемине  Пушкиндин, Лермонтовдун, Шекспирдин, Саадинин, Хафиздин, Омар Хаямдын, Абайдын, Шевченконун,Есениндин, Маршактын, Гамзатовдун,Кулиевдин, Муса Жалилдин,С.Нерустун, Винокуровдун, Абдилде Тажибаевдин ж.б. көп акындардын котормолору таандык.

Ал Кыргызстан комсомолунун, Бүткүл союздук Ленин комсомолунун жана Кыргызстан Басма, полиграфия  комитетинин Грамота, Ардак грамота, дипломдору менен бир нече жолу сыйланган. Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун грамота-сы менен сыйланган. Кыргыз  Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер.

1958-жылдан СССР Журналисттер, 1963-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.

 

Көргөзмөгө төмөнкү китептер коюлду: Бөбөктөргө; Мөмө: Аңгемелер; Айылдык балдар; Абаз:Ырлар жана поэма; Адамдын жүзү: Ырлар, дастандар:

Орус тилинде: Ключ сердца; Ты в моем сердце:Стихи; Полдень:Стихи; Иссык-Кульская симфония: Стихи; Сердце поет:Стихотворения; Цветы счастья:Стихи

Башка элдердин тилдеринде: Весенний ветер-Киев: Радяньскый пысьмэнник-укр. Таубтеке:Стихи и поэма-каз; Ауен-Алма-Ата: Жалын-каз  ж.б. коюлду

 

Дареги: Бишкек, Ю.Абдрахманов көчөсү, 208.
Кыргыз Республикасынын А.Осмонов атындагы Улуттук китепканасы тел: 30-46-83