Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Түгөлбай Сыдыкбековдун туулган күнүнүн 110 жылдыгына карата “Кыргыздын ХХ кылымдагы чыгаан жазуучусу жана коомдук ишмери, Кыргыз эл баатыры” атту китеп-сүрөт көргөзмөсү уюштурулду.

Түгөлбай Сыдыкбековдун туулган күнүнүн 110 жылдыгына карата “Кыргыздын ХХ кылымдагы чыгаан жазуучусу жана коомдук ишмери, Кыргыз эл баатыры” атту китеп-сүрөт көргөзмөсү уюштурулду.
16 Май 2022

2022- жылдын 14 майында Кыргыз Республикасынын  А.Осмонов атындагы Улуттук китепканасынын Ч.Айтматов атындагы Кыргыз-Түрк маданият борбору залында Түгөлбай Сыдыкбековдун туулган күнүнүн 110 жылдыгына карата “Кыргыздын ХХ кылымдагы чыгаан жазуучусу жана коомдук ишмери, Кыргыз эл баатырыатту китеп-сүрөт көргөзмөсү уюштурулду.

Жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков 1912-жылы Кыргызстандын азыркы Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы  Кең-Суу айылында туулган.  1928–1931-жж. Фрунзе шаарындагы айыл чарба техникумунда, 1931-жылы Ашхабад шаарындагы  Орто Азия зооветеринардык институтунда окуган. 1931–1936-жж. «Ленинчил жаш» гезитинде бөлүм башчы, 1937–1947-жж. Кыргызстан Жазуучулар Биримдигинин башкармалыгында адабий кеңешчи, 1949–1951-жж. Кыргызмамбаста редактор болгон.

1970-80-жж. ортосунда Түгөлбай Сыдыкбеков «улутчул жазуучу» катары бейрасмий  түрдө обо чогултулган, бирок анын бир кезде Сталиндик сыйлыкка ээ болгону гана аны толук куугунтуктоого жергиликтүү бийликтерге мүмкүндүк берген эмес.

Кыргыз тарыхын калыс иликтөөгө, кыргыз тилин ички сөз кампасына ылайык байытууга замандаштарын үндөгөн.  Расмий бийликтерди бул жааттагы өксүктөрү үчүн тайманбастан ачык сындаган. Ошондуктан аны совет доорундагы кыргыз диссиденти катары таанышат.

Биринчи поэзиялык жыйнагы «Күрөш» деген ат менен 1933-жылы жарыкка чыккан. Жазуучу «Манас жана Алмамбет»эпикалык драмасын(1942-ж.)(К.Рахматуллин менен авторлош), «Күчтүү жүрөк», «Канжар», «Кыштак кожоюндары» аттуу пьесаларды жазган. Т.Сыдыкбеков А.С.Пушкиндин, Н.А.Некрасовдун, Д.Бедныйдын, А.П.Чеховдун, А.Серафимовичтин, М.Шолоховдун ж. б. чыгармаларын кыргызчага которгон.

1936-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү. Кыргыз ССРинин Эл жазуучусу (1968-ж). Кыргыз ССРинин Илимдер Академиясынын анык мүчөсү (1954-ж).

Т.Сыдыкбековдун «Люди наших дней» деп аталган романына 1947-жылы 3 даражадагы Сталиндик сыйлык берилип, кийин ал сыйлык СССРдин мамлекеттик сыйлыгы болуп аталып калган. Ленин, эки Эмгек Кызыл Туу, «Элдердин достугу» ордендери, СССРдин көп медалдары, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамоталары менен сыйланган.

Эгемен Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Эл Баатыры» наамын туңгуч ирет алган.

Кыргыз адабиятына жана 70 жылга жакын ак кызмат кылган, элдик тилдин жана нарк-насилдин нускалуу билерманы Т.Сыдыкбеков 1997-жылы 19-июлда Бишкек шаарында каза болду. Анын сөөгүн эл зор урмат, ызат менен узатты.

Көргөзмөгө төмөнкү китептер, макалалар жана сүрөттөр коюлду: Тоо Арасында, Мен миң жыл жашадым, Темир, Ала -Тоодон алтоо, Көкөй кести, Достук, Жеңишбек, Улуу биримдик, Күн жана анын балдары, ж.б.