Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Темиркул Үмөталиевдин 115 жыл туулган күнүнө арналган «Акын жана атуул» аттуу китеп-сүрөт коюлуп жана иш-чара өткөрүлдү..

Темиркул Үмөталиевдин 115 жыл туулган күнүнө арналган «Акын жана атуул» аттуу китеп-сүрөт коюлуп жана иш-чара өткөрүлдү..
20 Май 2023

2023-жылдын 19-май айында саат 13.00дө Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу китептер, Редакциялык-басма жана музей иштери бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте уюштурган Кыргыз Эл акыны, Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Темиркул Үмөталиевдин 115 жыл туулган күнүнө арналган «Акын жана атуул» аттуу китеп-сүрөт коюлуп жана иш-чара өткөрүлдү.
Акын Темиркул Үмөталиев Аксы районуна караштуу Төө-Жар айылында 1908-жылы туулган. 1925-жылы Темиркул Ак-Суудагы жетим балдар үйүндө тарбияланып, 1929-жылы Жалал-Абаддагы педагогикалык окуу жайын бүтүрүп, Ноокат районунда эки жыл мугалим, кызыл үйдүн башчысы жана райком комсомолдун бөлүм башчылык кызматтарын аткарды.
1928–1929-жылдары техникумда окуп жүргөндө Т. Үмөталиевдин кабарлары «Ленинчил жаш», «Кызыл Кыргызстан» гезиттерине үзбөй чыккан. 1931-жылы Фрунзеге келип, обком комсомолдун аппаратында бөлүм башчы, 1934–1935-жылдары Араван МТСинде саясий бөлүмдүн начальнигинин комсомол иши боюнча жардамчысы, 1935–1937-жылдары «Кыргызстан пионери» гезитинин редактору, «Ленинчил жаш» гезитинин редакторунун орун басары, «Кызыл Кыргызстан» гезитинин бөлүм башчысы, 1937-жылдан Кыргызстан Жазуучулар союзунун аппаратында иштеген.
Т. Үмөталиев Улуу Ата Мекендик согушта Калинин, Түштүк-Кавказ, Закавказье, Украина фронтторундагы, Румыния, Болгария, Югославия, Венгрия, Австрияны фашизмден бошотууга катышкан.
1946–1953-жылдары «Ала-Тоо» журналында башкы редактор, 1974-жылдан китеп сүйүүчүлөр коомунун бащкармасынын төрагасы болгон.
Т. Үмөталиевдин ырлары 1930-жылдан тартып басма сөз беттеринде чыга баштаган. «Баатыр» аттуу поэмасы 1944-жылы жарык көргөн.
Т. Үмөталиев Пушкиндин, Маяковскийдин, Тихоновдун, Янка Купаланын, Турсун-Заденин чыгармаларын кыргыз тилине которгон.
Т. Үмөталиевдин чыгармалары орус, украин, өзбек, казак ж.б. элдердин тилдеринде которулган.
Т. Үмөталиев 1934-жылдан СССР Жазуучулар Союзуна мүчө болгон.
1968-жылы «Кыргыз Эл акыны» деген наам алган. Ленин «Эмгек Кызыл Туу», «Кызыл жылдыз», «Ардак белгиси» ордендери, «Кавказды коргогону үчүн», «Будапештти алганы үчүн», «1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта Германияны жеңгендиги үчүн» медалдарынын ээси.
1982-жылы «Тоо гүлдөрү» аттуу китеби үчүн Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган.
Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар союзунун акын-жазуучулары, коомдук ишмер, Темиркул Үмөталиевдин небере кызы, Үмөталиева – Баялиева Чынара Топчубековна – Маданият таануу илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Философия, укук, саясий укуктук изилдөөлөр институтунун Маданият жана искусство бөлүмүнүн башчысы, Асанов Эмил Дайырович – Кыргызстанда иштеген бирден-бир компьютердик лингвистика адиси, «Тамга-КИТ» компьютердик технологияларда кыргыз тилин колдонуу боюнча уникалдуу программалык продуктунун автору. Дайыр Асановдун уулу, Темиркул Үмөталиевдин небере күйөө баласы, «За – КЕМИН – үчүн» коомдук бирикмесинин кызматкерлери, Темиркул Үмөталиевдин «Үч баатыр» ырынын каарман баатыры – Ашырбаев Апсаматтын уулу Исаев Акжол Апсаматович Кемин районундагы Элдик Курултай координатору, Темиркул Үмөталиев атындагы № 67-мектеп-гимназиясынын билим берүү окуу комплексинен, Дүлөй балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү жатак мектебинин, Кыргыз экономика университетинин кыргыз тили жана адабияты мугалимдери, Улуттук китепканасынын кызматкерлери жана окурмандар катышкан.