Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

УЛУТТУ УЛУТ КЫЛГАН – ТИЛ!

УЛУТТУ УЛУТ КЫЛГАН – ТИЛ!
23 Сен 2022

2022-жылдын 23-cентябрында А.Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Юридикалык адабият бөлүмүндө кыргыз тили күнүнө карата “УЛУТТУ УЛУТ КЫЛГАН – ТИЛ!” аттуу маалымат бурчу уюштурулду.

Эскерсек, Кыргызстанда кыргыз тили 1989-жылдын 23-сентябрында мамлекеттик тил макамына ээ болгон.

         “Эне тилин билбеген, элин сүйүп жарытпайт!” — деп Байдылда  Сарногоевдун таамай айтылган сөзүн, ар бир жаран күнүгө  эсине тутуу менен иш алып баруусу патриоттукка үндөйт.

         Маалымат бурчунда төмөнкүлөр колдонулду: Кыргыз Республикасынын мыйзамы 2004-жылдын 2-апрели №54 Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы 2009-жылдын 22-сентябры №358 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилинин күнүн белгилөө жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын 2002-жылдын 28-июнундагы №830 II токтомуна тиркеме “Кыргыз тилинин жазуу эрежелери” жана учкул сөздөр менен көркөмдөлдү.

Дареги: Бишкек ш, Абдрахманов көч. 208, Кыргыз Республикасынын Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканасынын Юридикалык адабият бөлүмүндө