Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

“Улуу Жеңиштин даңкы өчпөйт” аттуу китеп көргөзмөсү коюлду.

“Улуу Жеңиштин даңкы өчпөйт” аттуу  китеп  көргөзмөсү коюлду.
07 Май 2022

2022-жылдын 6-майында Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепкананын Фойесинде Улуу Жеңиш күнүнүн  77 -жылдыгына арналган “Улуу Жеңиштин даңкы өчпөйт” аттуу  китеп  көргөзмөсү коюлду.

Улуу Ата мекендик согуш жалпы совет элинин, анын каарман Куралдуу күчтөрүнүн Жеңиши менен аяктаганына 77 жыл толуп отурат. 1418 күнгө созулган айыгышкан катуу салгылашууда Советтик Армия бир гана жергебизди бошотпостон, Европанын элин да фашисттик баскынчыларга кул болуудан куткарды жана дүйнөлүк цивилизацияны сактап калды.

Майданга аттанган 363144 миң кыргызстандыктардын 162 миңи же болбосо ар бир экинчиси курман болгон.

Кыргыз ССРинин аскер комиссары генерал-майор И. В. Панфилов жетекчилик кылган 316-аткычтар дивизиясынын 28 жоокеринин Волоколамск шоссесинин Дубосеково аймагында фашисттердин чабуулуна туруштук беришип, Москвага киришине бөгөт болушкан. 28 тең Советтер Союзунун Баатыры деген ардактуу наам берилген. 28 жоокер баатырларча курман болушкан. Алардын ичинде Д. Шопоков, К. Ананьев, Г. Шимянин, И. Москаленко, Г. Конкин, Г. Петренко болушкан. 1942-жылы 6-августта Волга дарыясындагы болгон салгылашууда Ч. Түлөбердиев денеси менен душмандын дзотун жаап эрдик көрсөткөн. Ага Советтер Союзунун Баатыры деген наам ыйгарылып, Донго эстелиги тургузулган. Улуу Ата Мекендик Согушта көрсөткөн эрдиктери үчүн Кыргызстандын 76 жоокерине Советтер Союзунун Баатыры деген наам берилген, алсак, душмандын 8 танкасын, 6 бронемашинаны, 40 фашистти жок кылгандыгы үчүн Дайыр Асановго, Днепр дарыясын кечип өтүп, 30 фашистти жок кылгандыгы үчүн Анварбек Чортековго, Асанбек Оторбаевге да Баатырлыктар ыйгарылган.

Ата Мекенге көрсөткөн эрдиги үчүн өз өмүрлөрүн кыйышкан баатырларды эл эч качан унутпайт.

Өз кезегинде биз, Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларынын урпактары, улуу көчтүн жолун ишенимдүү  улантып, өлкөбүздүн келечеги, элибиздин бакубат турмушу үчүн талыкпай эмгектенүү менен заманыбыздын татыктуу уул-кыздарынан болууга милдеттүүбүз. Улуу Ата Мекендик согушта баатырларча курман болгондорго жана ардагерлерине түбөлүк таазим жана даңк!

 

Көргөзмөгө Улуу Ата Мекендик согушка байланыштуу китептер, газета-журналдык материалдар, фотодокументтер, очерктер, публицистикалык материалдар, эскерүүлөр, тарыхый изилдөөлөр ж.б. коюлду.

 

 

Дареги: Бишкек ш. Ю.Абдрахманов көч., 208

Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы