Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

В. М. Плоскихтин туулган күнүнүн 85 (1937) жылдыгына карата китеп көргөзмөсү коюлат.

В. М. Плоскихтин туулган күнүнүн 85 (1937) жылдыгына карата китеп көргөзмөсү коюлат.
15 Апр 2022

А. Осмонов атындагы КР Улуттук китепканасынын Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмүндө 2022-жылдын 16-апрелинде тарых илимдеринин доктору, УИАнын корреспондент мүчөсү В. М. Плоскихтин туулган күнүнүн 85 (1937) жылдыгына карата китеп көргөзмөсү коюлат.

Кыргыз тарыхынын өнүгүшүнө өзүнүн салымын кошкон белгилүү тарыхчы-археолог, коомдук ишмер В. М.  Плоских 1937-жылы 16-апрелде Казак Республикасынын Акмола (азыркы Астана) шаарында туулган.

Ал 1955-жылы Кыргыз мамлеккеттик университетинин  тарых бөлүмүнө тапшырып, 1960-жылы артыкчылык диплому менен бүтүп, Кыргыз илимдер академиясында илимий кызматкер, академиянын Тарых институтунда  директордун орун басары, 1976-жылы Президиумдун катчысы болуп иштеген. 1979-жылы тарых илими боюнча доктордук даражасын коргогон. 1997- жылы Кыргыз Республикасынын  Улуттук илимдер академиясынын академиги деген наам берилен. Азыркы убакта Кыргыз-орус (Славян) университетинде тарых жана культурология кафедрасынын башчысы, 2003-жылдан бери Кыргыз Республикасынын УИАнын вице-президенти болуп иштейт.

Окумуштуунун эмгектери негизинен Кыргызстандын Улуу Октябрь Революциясына чейинки тарыхын изилдөөгө арналган. Анын 150дөн ашуун илимий эмгектери, анын ичинен 15 монографиясы жарыяланган. 45тен ашык окуу китептердин автору.

В. М. Плоских 1996-жылы илимге кошкон салымы үчүн илим жана  техника тармагы боюнча Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Е. Д.  Поливанов атындагы жана “Мустафа Кемал” (Ата Түрк) фондусунун “Тоо адамдары” эл аралык сыйлыктарынын лауреатына татыктуу болгон.

Окумуштуунун жетекчилиги астында доктордук жана кандидаттык диссертациялар жакталган.

Илимге сиңирген эмгеги, Билим берүү системасындагы тарых тармагын өрчүтүп жогорку квалификациялуу адистерди даярдоого кошкон салымы үчүн 3-даражадагы “Манас” ордени жана башка орден, медалдар, Ардак грамоталар менен сыйланган.

Бул китеп көргөзмөгө анын өмүр баяны, ар жылдарда басылып чыккан китептери, ал жөнүндө жазылган статьялар жайгаштырылды.

 

 

Дареги: КР УК 2-этаж №74 каб.