Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Залкар актриса Бакен Кыдыкееванын сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышы өткөрүлдү

Залкар актриса Бакен Кыдыкееванын сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышы өткөрүлдү
23 Мар 2023

2023-жылдын 28-мартында саат 15.00дө А. Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында залкар актриса Бакен Кыдыкееванын сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышы өткөрүлдү. Көргөзмөгө Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Искусствону өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Мамбетмусаева Салтанат Азизовна, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин кызматкери Акжол Дооранбек уулу жана Кыргыз Республикасынын Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театрынын коллективи, театр ишмерлери катышты.

Андан соң Ч. Айтматов атындагы кыргыз-түрк мададият борбору залында Бакен Кыдыкееваны эскерүүгө арналган тегерек стол болуп өттү.

Тегерек столго Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театрынын директору Таалай Тургунов, КРнын Эл артисти, белгилүү актёр Турусбек Жумалиев, КРнын мажданиятына эмгек синирген астистер Ален Турдубаев, Гулмира Ташматова, Айнура Тургунбаева жана белгилүү актриса Бакен Кыдыкеева атындагы сыйлыктын лауреты Элмира Тагаева, Арсен Өмуралиев атындагы шаардык театрдын актрисасы Динара Абдыкадырова жана башкалар катышты.

 

 

Дареги: Бишкек шаары, Ю. Абдрахманов көчөсү, 208.

Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын

Улуттук китепканасы, тел. 30-46-75.