Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Ч.Айтматов атындагы Кыргыз-Түрк мададият борбору залында Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгына карата “Жусуп Абдрахманодун 120 жылдыгы” аттуу көргөзмөсү уюштурулду.
Жусуп Абдрахманов 1901-жылы 28-декабрда азыркы Ысык-Көл облусундагы Чиркей айылында манаптын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөөчүсү, алгачкы кыргыз интеллигенциясынын эң көрүнүктүү өкүлү. Анын 1930-жылдары кыргыздарды ачарчылыктан сактап калышы тарыхта алтын тамгалар менен жазылып калды.
17 жашында Кызыл Армиянын катарында согушкан. 1924-жылга чейин Жети-Суу аймагында жооптуу партиялык-советтик кызматтарда иштеген.
1925-жылы Москвага кызматка чакырылып, Бүткүл союздук коммунисттер партиясынын Борбордук Комитетинде жооптуу инструктор болуп эмгектенген.
1927-жылы Кыргыз АССРинин Элдик комиссарлар төрагасы болуп дайындалат.
1933-жылы сентябрда Абдрахманов Кыргызстандын Эл Комиссарлар Кеңешинин (Министрлер кабинетинин) төрагалыгынан алынып, партиядан чыгарылган.
1937-жылы июнда камакка алынып, атууга өкүм чыгарылган. Өкүм 1938-жылы 5-ноябрда Чоң-Таш аймагында ишке ашырылган. Абдрахмановду жарандык реабилитациялоо 1958-жылы, партиялык актоо — 1989-жылы болгон.
Президент Садыр Жапаровдун буйругу менен Жусуп Абдрахмановго быйыл «Кыргыз Республикасынын баатыры» жана «Ак Шумкар» ордени ыйгарылды.
Көргөзмөгө төмөнкү китептер коюлду: Ж.Абдрахманов «Күндөлүктөр Сталинге кат”, Б.Максутов “Манас бабабыздан бүгүнкү күнгө чейин”; “Эл зар-Жусуп”; И.Абдуразаков “Ж.Абдрахманов”, “Юсуп Абдрахманов”, “У истоков Кыргызской национальной государственности”, макалалар жана сүрөттөр ж.б.
Дареги: Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 208 Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы тел: 30-50-57