Кыргыз Республикасынын А. Осмонов атындагы Улуттук китепканада Сагын Наматбаевдин (1933-2001) 90-жылдыгына карата китеп-сүрөт көргөзмөсу уюштурулду.
Жазуучу, котормочу, коомдук ишмер С. Наматбаевдин алгачкы макалалары, ырлары 1949-жылдан тартып республикалык, облустук гезит, журналдарга чыга баштаган.
1965-жылы «Эки дүйнө – эки жаштык» деген алгачкы китеби жарык көргөн.
Дүйнөлүк адабияттан реалисттик жана укмуштуу окуялуу чыгармаларын кыргызчага которгон.
С. Наматбаев коомдук жана жетекчи кызматтарда иштеген, Улуттук жазучуулар союзунун мүчөсү, Ички иштер кызматынын полковниги, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Билим берүүнүн отличниги. Анын көп жылдык эмгегинин үзүрү эки “Ардак Белгиси” ордени, көптөгөн медалдар, Ардак грамоталар менен белгиленген.
Учурунда СССР Жогорку Советинин депутаты, облустук жана райондук Советтердин депутаты болуп шайланган. Өмүрүнүн акыркы жылдары жана күндөрүндө кыргыз милициясынын энциклопедиясын, музейин түзүп, ардагерлер советин жетектеген.
************
В фойе Национальной библиотеки Кыргызской Республики им. А. Осмонова была организована фото-книжная выставка в честь 90-летия Сагына Наматбаева (1933-2001).Первые статьи и стихи писателя, переводчика, общественного деятеля С. Наматбаева стали появляться в республиканских и областных газетах и журналах с 1949 года.В 1965 году вышла его первая книга «Эки дүйнө – эки жаштык».Он переводил на кыргызский язык реалистические и авантюрные произведения из мировой литературы.С. Наматбаев работал на общественных и руководящих должностях, был членом Союза писателей, полковником Службы внутренних дел, видным деятелем культуры Кыргызской Республики, прекрасным педагогом. Результат его многолетнего труда отмечен двумя орденами «Знак Почета», множеством медалей, почетными грамотами.В свое время он избирался депутатом Верховного Совета СССР, депутатом областных и районных советов. В последние годы и дни своей жизни он создал энциклопедию и музей кыргызской милиции, возглавлял совет ветеранов.
Адрес: г. Бишкек., ул. Абдрахманова, 208. Национальная библиотека Кыргызской Республики им. А. Осмонова. Тел.: 30-47-04