Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Журналисттер союзу «ЖМК: кечээ, бүгүн жана эртең» аталыштагы республикалык конференция болуп өттү

Кыргыз Республикасынын А.Осмонов атындагы Улуттук китепканасында журналисттер союзу «ЖМК: кечээ, бүгүн жана эртең» аталыштагы республикалык конференция өткөрдү. Иш-чарага президенттин кеңешчиси Арслан Койчиев, министрлер кабинетинин төрагасынын кеңешчиси Сабырбек Сардарбеков, маалыматтык саясат бөлүмүнүн, Жогорку Кеңештин, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жана башка тиешелүү мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү, өлкө аймагындагы, анын ичинде, республикалык, облустук, райондук ЖМК кызматкерлери, журналисттер, журналист кадрларды даярдаган жогорку окуу жайлардын окутуучу-профессорлору чакырылды. Конференцияда сөз эркиндиги жаатында болуп жаткан окуялар туурасында пикир алышуу болду. Катышуучулардын пикиринде, өлкөдө сөз эркиндигин бар, бирок журналисттик этика маселелери сакталбай, маалыматтар бир жактуу кетип, мындай кадам демократиянын шылтоосу менен демагогияга алып барарына тынчсыздануусун билдиришти. Конференциянын жүрүшүндө курч сын-пикирлер, омоктуу ойлор ортого салынып, жыйынтыгында кайрылуу кабыл алынды жана мыкты деп аныкталган журналисттер ар кандай номинациядагы сыйлыктар менен сыйланды.