Кыргызстан, г. Бишкек,
ул. Абдрахманова 208

Зууракан Кайназарованын туулган кунунун 120 жылдыгына карата “Зууракан Кайназарова -аялзаттын алдыңкысы”аттуу китеп көргөзмөсү уюштурулду.

Зууракан Кайназарованын туулган кунунун 120 жылдыгына карата “Зууракан Кайназарова -аялзаттын алдыңкысы”аттуу китеп көргөзмөсү уюштурулду.
18 Июн 2022

2022-жылдын 18-июнь айында Кыргыз Республикасынын А.Осмонов атындагы Улуттук китепканасынын Ч.Айтматов атындагы Кыргыз-Түрк маданият борбору залында  Социалисттик Эмгектин эки жолку Баатыры, үч жолу Ленин орденинин кавалери, Эмгек Кызыл Туу орденинин, Бүткүл союздук айыл чарба көргөзмөсүнүн Чоң медалынын ээси, Социалисттик айыл чарбасынын устаты бир нече жолу СССР Жогорку Советинин депутаты, Кыргыз ССРинин Компартиясынын съезддеринин делегаты Зууракан Кайназарованын туулган кунунун 120 жылдыгына карата “Зууракан Кайназарова -аялзаттын алдыңкысы”аттуу китеп көргөзмөсү уюштурулду.

Зууракан Кайназарова 1902-жылы 18-июнда  Чүй облусунун Сокулук районундагы Жыламыш дарыясынын өрөөнүндө туулган. Кайназарова эмгек жолун 1929-жылы айыл чарба артелинде баштаган. 1934-жылы “Дружба” колхозунун, андан кийин Кыргыз ССРинин Фрунзе облусунун Каганович районундагы Калинин атындагы колхоздун звеносунун кант кызылчасын жыйноо боюнча жетекчиси болуп, жемиштүү жыйынтыктарды көрсөткөн.

Бир гектар жерден 971 центнер кант кызылчасы жыйналып, бул рекорддук көрсөткүч болгон. Буга чейин ошол эле аянттан 400 центнерге жакын кант кызылчасы алынган. Ошол жылдары Кыргыз ССРи канттын негизги өндүрүүчүсү болуп, кант менен бүтүндөй Орто Азияны жана Казакстандын бир бөлүгүн камсыз кылып турган.

Түшүмдүн жогорку көрсөткүчтөрү Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында өзгөчө мааниге ээ болгон, себеби СССРдин фронтун жана өнөр жайын азык-түлүк жана чийки зат менен камсыз кылуу зарыл эле. Бул жылдар бою Зууракан Кайназарова өмүрүн колхоздо эмгектенүүгө арнап, өлкөнүн бакубатчылыгы үчүн жанын аябастан иштеген. Кайназарова койгон түшүмдүүлүк рекордуна ушул күнгө чейин эч ким жете элек.

1975-жылы Фрунзеде Кыргыз ССРинин аялдарынын съездинин күнүнө карата кинофестиваль өтүп, анда республиканын аялдары тууралуу даректүү тасмалар көрсөтүлгөн. Алардын бири – “Кант өрөөнү” аттуу тасма Зууракан Кайназарова жана анын айыл чарбасындагы жетишкендиктери, жаңычылдыгы тууралуу баяндаган. Кайназарованын өмүр баяны жана айыл чарбасындагы жетишкендиктери элди суктандырып, ошол жылдары гезит-журналдарга тынбай жарыяланып турган. Мектепке, округга, көчөгө анын ысымы ыйгарылган, Кыргызстандын борборунун борбору – Бишкек шаарында анын эстелиги тургузулган.

Кайназарова Зууракан согуштун азабын тартып, жетим калган көптөгөн балдарды багып алып, аларга кам көрүп келген. Алардын  арасында орустар, кыргыздар, өзбектер, поляктар жана башка улуттар болгон.

Китеп-сүрөт көргөзмөгө төмөнкү макалалар, сүрөттөр жана китептер коюлду: “Жер энеси-Зууракан”, “Эмгектин алпы Зууракан”, “Социалистик эмгектин эки жолку Баатыры зууракан Кайназарова”, “Творческое применение агротехники”, “1000 центнеров сахарной свеклы с гектара”  ж.б.